Ош технологиялык университетинин Энергетика жана транспорт институтунун профессордук-окутуучулук курамы жана ЭиЭТ-1-22, ЭиЭТ-1-23 тайпаларынын студенттери академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарына иш сапар менен барып келишти.
Бул сапар кызматташуу тууралуу түзүлгөн келишимдин негизинде Фергана политехникалык институту менен биргеликте уюштурулуп, студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, практикалык жана илимий тажрыйбасын кеңейтүү, ошондой эле өнөктөш жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатын көздөдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жана окутуучулар институттун лабораториялары, окуу базалары менен таанышып, эки окуу жайдын өкүлдөрү ортосунда пикир алмашуу жана тажрыйба бөлүшүү жолугушуулары өткөрүлдү.
Иш-сапарга төмөнкү окутуучулар катышышты: т.и.к., доцент Ильяз Эрмекович Турдуев, т.и.к., доцент Замира Туратовна Андаева, э.и.к., доцент Малика Сейталиевна Элчиева, т.и.к., доцент Нургазы Мамазакирович Ташиев, ага окутуучу Бермет Кенжекуловна Карыбекова, окутуучу Жумагул Эргешбаевна Балтабаева жана окутуучу Базарбай уулу Жолдубай.
Бул иш-сапар студенттердин эл аралык тажрыйбасын кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы достук, академиялык байланыштарды чыңдоого чоң өбөлгө болду.











