Ош технологиялык университетинде «Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө автордук укукту коргоо жана инновациялык менеджмент» аттуу семинар болуп өттү.
Иш-чараны Технология жана жаратылышты пайдалануу институту демилгелеп, уюштурду. Семинарга Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.
Семинардын ачылышында ОшТУнун илим жана инновациялар боюнча проректору Нурланбек Танаков жана министрликтин Түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы Бактыяр Ибрагимов иш-чаранын маанисин белгилешти.
Катышуучуларга министрликтин өкүлдөрү — Руслан Мусуралиев, Алмазбек Алымкулов жана Зуур уулу Эмилбек интеллектуалдык менчик укуктары, автордук жана чектеш укуктар, товардык жана тейлөө белгилерин каттоо боюнча баяндамаларын сунушташты.
Ошондой эле «Пайдалуу кен байлыктар» кафедрасынын профессору, ТИКБнын координатору Нурланбек Калдыбаев университеттин профессордук-окутуучулук курамынын автордук укуктарын коргоодогу ТИКБнын ролу тууралуу айтып берди.
Семинардын соңунда катышуучулар суроо-жооп форматында талкуу жүргүзүшүп, жалпы сүрөткө түшүштү.