2025-жылдын 22–23-октябры күндөрү Ош шаарында Евразиялык тармактык университеттер консорциумунун (ЕСУ) III форуму болуп өттү. Иш-чарага Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору Мамытов Улукбек Жанышович катышып, Ош ТУнун консорциумга мүчө катары кошулуу маселеси боюнча расмий доклад жасады.
Өзүнүн баяндамасында проректор Улукбек Жанышович Ош технологиялык университетинин билим берүү тармагындагы инновациялык жетишкендиктерин, эл аралык кызматташуудагы активдүүлүгүн жана окуу процессинин сапатын жогорулатууга багытталган стратегияларын белгиледи. Ошондой эле академиялык мобилдүүлүк программаларын кеңейтүү, эки дипломдуу билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштерди тааныштырып өттү.
Проректор форумдун алкагында өткөн «ЕАЭБдеги технологиялык секирик: билим берүү, илим жана бизнести интеграциялоо» аттуу стратегиялык сессияга да катышып, жогорку окуу жайларынын өнөр жай менен кызматташуу механизмдери жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.
Форумдун катышуучулары Ош технологиялык университетинин жетишкендиктерин жогору баалап, анын Евразиялык тармактык университеттер консорциумуна кошулуу демилгесин колдошту.
Бул иш-чара Ош технологиялык университетинин эл аралык кызматташтыгын чыңдоого, билим берүү жана илим тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түздү.