Ош технологиялык университетинде кытай тили сабагы боюнча кызыктуу жана билим берүүчү конкурс болуп өттү. Иш-чараны кытай тили сабагынан сабак берген окутуучу Ян Сяофэн (杨晓风) уюштуруп, студенттерге тилди жандуу жана интерактивдүү ыкма менен үйрөтүүнү максат кылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Дүйнөлүк тилдер кафедрасынын башчысы Назгүл Хабибуллаева студенттерге сыйлыктарды өз колу менен тапшырды.
Конкурска МО-1-25 тайпасынын студенттери жана колледжден келген конок студенттер катышып, өз билимдерин сынап, ар түрдүү оюндар аркылуу көндүмдөрүн көрсөтүшүп, баалуу белектерге ээ болушту.
Ошондой эле иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө Ян Сяофэн эжекенин студенттери — КЛ-1-24 тайпасынын студенттери активдүү катышып, уюштуруучулук жардам көрсөтүштү.
Мындан тышкары, иш-чарага Кытай Эл Республикасынан келген волонтёр-агай Tang Kehao жана ОшТУга окууга тапшырган студент кыз Zheng Jiaxin (郑嘉欣) катышып, иш-чаранын маанайын дагы да жандуу жана кубанычтуу кылышты.
Бул иш-чара студенттердин позитивдүү маанайын көтөрүп, достукту жана кытай тилине болгон кызыгууну арттырган маанилүү окуя болду.
Төмөндө ошол жаркын көз ирмемдер менен тааныша аласыздар.