Ош технологиялык университетинин студенттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүк Erasmus+ (KA171) программасы аркылуу Түркиядагы Бурса Улудаг Университетинде (Bursa Uludağ University) билим алуу!
Экономика багытында окуган 3-курстун студенттери үчүн Erasmus+ International Credit Mobility (KA171) программасы аркылуу академиялык мобилдүүлүккө катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Бул программа студенттерге Түркияда 5 айлык мөөнөт ичинде акысыз билим алууга жана ай сайын 800 евро өлчөмүндө стипендия, ошондой эле бир жолку 530 евро жол акысын алууга мүмкүнчүлүк берет.
Талаптар:
- ОшТУнун расмий студенти болуу;
- Кеминде бир семестрди аяктоосу керек;
- Жалпы орточо баллдын (CGPA) 50% Erasmus упайына кошулат;
- Англис же түрк тили боюнча эң төмөн В1 деңгээли сунушталат; Англис тил деңгээлин тастыктаган TOEFL/IELTS сертификаты болуусу зарыл;
- Резюме;
- Мотивациялык кат жазуу.
Кошумча маалымат алуу үчүн: Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аккожоева Айназик Канатбековнага же болбосо Экономика жана башкаруу институтунун директору, э.и.к., доцент Хамзаева Айнура Мураталиевнага кайрылыңыздар.











