Ош технологиялык университетинен барган 13 окутуучу 2025-жылдын 15–25-октябрына чейин Кытай Эл Республикасынын Тэмынгуан шаарындагы Бинтуань окуу жайында квалификациясын жогорулатып жатышат.
Мында окутуучулар инновациялык маалымат технологиялары, коопсуздук технологиялары жана эл аралык билим берүү багыттары боюнча билимдерин өркүндөтүшүүдө.
Окуу курсу алгач ОшТУда онлайн башталган, учурда оффлайн форматта Тэмынгуан шаарында улантылып жатат. Анда TCP/IP негиздери, тармактык коопсуздук, IPv6 технологиясы, WLAN жана WAN системалары боюнча теориялык жана практикалык окутуулар камтылган.
Ошондой эле катышуучулар кытай маданияты менен таанышуу максатында атайын маданий сабактарга да катышууда.