Ош технологиялык университетинде инновациялык маалымат технологиялар институтунун 1-курс студенттери арасында «ШТК — Шайыр тапкычтар» клубунун КВН оюндары өткөрүлдү.
Иш-чараны окуу иштери боюнча проректор Улукбек Мамытов ачып, студенттерди университеттин маданий жана чыгармачыл иш-чараларына активдүү катышууга чакырып, катышуучуларга ийгилик каалап, жаркын маанай тартуулады.
Иш-чарага университеттин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышып, мелдеште жалпы алты команда күч сынашты. Ар бир команда көрүүчүлөргө күлкү, жакшы маанай жана жагымдуу учурларды тартуулап, чыгармачылык жана команда сапаты менен айырмаланды.
Жыйынтык:
1-орун — «Coca-Cola» командасы (Инновациялык маалымат технологиялар институту)
2-орун — «JK» командасы (ПиНЖ)
3-орун — «Let’s go» командасы (ИСТ)
Ошондой эле «Мыкты видео ролик» номинациясын «JK» командасы (ПиНЖ) жеңип алды.
Иш-чаранын максаты — 1-курс студенттеринин чыгармачылыгын, командалык биримдигин жана коомчулук менен боло турган иш-чараларга активдүүлүгүн арттыруу болуп, өткөрүлгөн оюн студенттер арасында ийгиликтүү жана жогорку уюштуруучулук деңгээлин көрсөттү.