Ош технологиялык университетине Кыргыз Республикасынын Бадминтон жана Сквош федерациясынын өкүлдөрү иш сапары менен келишти. Жолугушууга университеттин жетекчилиги, гуманитардык-технологиялык колледжинин дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык предметтик-циклдык бирикмесинин окутуучулары жана студенттери катышты.
Иш-чаранын ачылышында окуу иштери боюнча проректор Улукбек Мамытов сөз сүйлөп, студенттердин билим менен катар спортко да активдүү катышуусу алардын өнүгүүсүнө чоң салым болорун белгилеп өттү. Ал бадминтон оюнун сабак программасына киргизүү демилгеси жаштардын сергек жашоосун камсыздоого жана спорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө болорун баса белгиледи.
Буга чейин дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык предметтик-циклдык бирикмесинин башчысы Акылбек Каримов Федерацияга бадминтон оюнун студенттер үчүн сабак катары киргизүү жана атайын оюн аянтчасын куруу сунушун билдирген. Бул демилге ишке ашса, аталган спорттук аянтча түштүк аймакта биринчи жолу Ош технологиялык университетинде курулмакчы.
Гуманитардык-технологиялык колледжинин директору Толонбай Саадалов дагы федерация өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты мындан ары да улантууга даяр экенин айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Бадминтон жана Сквош федерациясына жана анын башкы катчысы Эмир Аманбековго университет ректору Жанболот Турсунбаевдин ыраазычылык каты тапшырылды.
Ошондой эле, Эмир Аманбеков семинардын алкагында катышуучулар үчүн федерациянын ишмердүүлүгү, бадминтон оюну, анын эрежелери тууралуу маалымат берип, практикалык бөлүгүндө оюн процессин жандуу түрдө көрсөтүп берди. Мындан сырткары, ал ОшТУнун спортчуларын жана студенттерин чет өлкөгө тажрыйба алмашууга, эл аралык мелдештерге катышууга, дүйнөлүк аренага чыгууга шарт түзүү жолдору тууралуу айтып өттү.
Бул кызматташтык Ош технологиялык университетинде спорттук маданиятты өнүктүрүүгө жана студенттер арасында сергек жашоо образын жайылтууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.