Ош технологиялык университети менен Кытай Эл Республикасынын Шыцзячжуан кесиптик темир жол колледжи ортосунда темир жол адистигин ачуу, темир жолдорду куруу, тейлөө, башкаруу жана жүк ташуу багыттарында адистерди даярдоо боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүрө баштады.
Учурда эки тарап окуу пландарын шайкеш келтирүү жана биргелешкен билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча талкууларды жүргүзүүдө.
Онлайн форматта өткөн жолугушууга Ош технологиялык университетинин сырткы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору, профессор А.Т. Акматалиев, окуу бөлүмүнүн башчысы У.Д. Абдуллаев, Транспортту пайдалануу жана туруктуу технологиялар кафедрасынын башчысы, профессор Б.А. Жоробеков, Кытай борборунун башчысы А.С. Тухтаматов, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы А.К. Аккожоева жана эл аралык бөлүмдүн кызматкерлери катышышты.
Кытай тараптан Шыцзячжуан кесиптик темир жол колледжинин өкүлдөрү:
окуу иштери боюнча проректор У Али;
окуу бөлүмүнүн башчысы Ли Цзычэн;
темир жол курулушу департаментинин башчысы Лю Сюньчэнь; эл аралык бөлүмдүн алмашуу боюнча башчысынын орун басары Дун Юйцянь; долбоор боюнча байланыш түзүүчү Го Чжаоюань катышышты.
Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу жана темир жол адистерин даярдоодо өз ара колдоо көрсөтүү боюнча пикир алышты.