Биз сиздерге Л.Н. Гумилёв атындагы Евразия Улуттук Университетинин «WELCOME TO ENU» академиялык мобилдүүлүк программасына документтерди кабыл алуу башталганын кубаныч менен билдиребиз.
Бул программа студенттерге 2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринде университетте окуп, академиялык мобилдүүлүк тажрыйбасына ээ болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Документтерди кабыл алуу жана каттоо 2025-жылдын 30-октябрына чейин жүргүзүлөт.
Дарек: Эл аралык байланыштар бөлүмү
Байланыш телефондору: +996 778 949496
«WELCOME TO ENU» программасынын алкагында төмөнкү мүмкүнчүлүктөр каралган:
Акысыз билим алуу: студенттер казак, орус жана англис тилдеринде окутулган курстарды тандай алышат.
Акысыз жашоо шарты: ЕНУ чет элдик студенттер үчүн заманбап жана ыңгайлуу жатаканада акысыз жашоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Welcome Center борборуна жеткиликтүүлүк: бул борбор чет элдик студенттердин академиялык чөйрөгө ийгиликтүү көнүгүүсү үчүн жардам берип, керектүү ресурстар менен камсыздайт.
Студенттер ар түрдүү маданий жана илимий иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Керектүү документтердин тизмеси:
1. Паспорттун көчүрмөсү (загранпаспорт КР)
2. Окуган жери тууралуу маалымкат
3. 3 * 4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт
4. Деканаттын мөөрү жана колу менен тастыкталган транскрипт
5. Кепилдик каты
6. Анкета
1.
Университет тууралуу толук маалыматты төмөнкү сайттан таанышсаңыз болот:
https://enu.kz/ru
Маалыматты бөлүшүп, жайылтууну суранабыз!