Мамлекеттик тилдин 36 жылдыгына карата Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарада Ош технологиялык университети мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин атынан ыраазычылык каты менен сыйланды.
Бүгүн, 13-октябрда университеттин кезектеги административдик кеңешмесинде аталган сыйлыкты университеттин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев мамлекеттик тил боюнча проректор Ашим Зулпуевге салтанаттуу түрдө тапшырды. Кеңешменин жүрүшүндө ректор проректордун мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү демилгелүү ишин белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, ОшТУ мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө чоң салым кошууда. Университетте ар жыл сайын мамлекеттик тилди жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталган ар түрдүү иш-чаралар, конференциялар, тегерек столдор жана тил сынактары өткөрүлүп турат. Бул багыттагы иштерге мамлекеттик тил боюнча проректор Ашим Зулпуев баштаган команда өзгөчө көңүл буруп, студенттердин тил маданиятын калыптандырууга активдүү салым кошуп келет.
ОшТУ мындан ары да мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жаштарга анын баалуулугун түшүндүрүү жана коомдук турмушта кеңири колдонууга өбөлгө түзүү максатында үзгүлтүксүз иштерди улантат.