Ош технологиялык университети “Enactus Day” иш-чарасынын алкагында “Лучшая поддержка вуза” номинациясы менен сыйланды. Сыйлыкты Enactus Kyrgyzstan уюмунун башкы директору Алтынай Жумабекова ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаевге салтанаттуу түрдө тапшырып жатып, төмөнкүлөрдү белгиледи:
“Ош технологиялык университети — бул жаштардын демилгелерин, чыгармачылыгын жана инновациялык долбоорлорун ар дайым колдоп келген жогорку окуу жай. Университеттин колдоосу – өлкөдөгү жаштарды өнүктүрүүгө чоң салым кошууда”.
Эскерте кетсек, Enactus ОшТУ командасы “Жашыл Санарип Жаратман” сынагында баш байгени утуп алган. Команданын жеңүүчү “Jashyl Bonus” аттуу долбоору таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларга сатуу менен калктан сатып алууга багытталган.
Долбоордун алкагында, кайра иштетилүүчү материалдарды жыйноону стимулдаштыруу максатында атайын бонус берүүчү мобилдик тиркеме иштелип чыгып, учурда ишке ашырылган.
Эң маанилүүсү, мындай форматтагы экологиялык мобилдик платформа Кыргызстанда биринчи жолу дал ушул Enactus ОшТУ командасы тарабынан ишке ашырылды. Бул демилге экологияны коргоо, ресурстарды үнөмдөө жана жаштарды социалдык-ишкердикке тартуу жагынан чоң мааниге ээ.
ОшТУнун Enactus командасы бүгүнкү күндө өлкө боюнча алдыңкы командалардын катарында, инновациялык жана туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келе жатат.