Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик техникалык университетинин Финансы жана бухгалтердик эсеп кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору Хожаев Азизхон Саидалохонович окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде Ош технологиялык университетине келди.
Иш сапардын алкагында профессор Хожаев Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын жамааты менен жолугушуп, тажрыйба алмашуу жана келечектеги кызматташтык боюнча пикир алмашууларды өткөрдү. Ошондой эле студенттерге финансылык отчеттуулук жана бухгалтердик эсептин замандын талабына ылайык жүргүзүлүшү боюнча конок лекция окуп, практикалык кеңештерин жана тажрыйбасын бөлүштү.
Студенттер лекцияга активдүү катышып, суроолорду берип, талкууларда өз оюн билдиришти, бул иш-чаранын натыйжалуулугун жогорулатты.
Бул иш-чара университеттин эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, студенттердин академиялык билим деңгээлин жогорулатуу жана аларды практикалык билим менен камсыздоо максатында уюштурулду.