Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы №1133 буйругунун негизинде өлкө боюнча “Айымдардын ден соолугу” айлыгы жарыяланган. Анын алкагында Ош технологиялык университетинде эмгектенген аялдар акысыз медициналык кароодон өтүштү.
Иш-чара Ош шаарынын №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлеринин катышуусунда уюштурулуп, алардын жардамы менен университеттин аял кызматкерлери жана студенттери толук медициналык текшерүүдөн өтүштү.
Кароо учурунда айымдардын кан басымы, бою, салмагы өлчөнүп, жалпы ден соолук абалы бааланды. Ошондой эле 16, 26 жана 36 жаштагы аялдарга жана студент кыздарга профилактикалык эмдөөлөр (прививка) жасалды.
Мындан тышкары, дарыгерлер сүт безинин жана жатын моюнчасындагы оорулардын алдын алуу, эрте аныктоо боюнча маалымат берип, акысыз консультация беришти.
Бул иш-чара аялдардын ден соолугун чыңдоо жана алдын алуу иштерин өркүндөтүү максатында өткөрүлдү.