Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева куттуктоо сөзүн сүйлөп, мугалимдердин коомдогу орду жана жаш муунду тарбиялоодогу зор эмгеги жөнүндө белгилеп өттү.
Майрамдын жүрүшүндө ал ардактуу эмгеги жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн бир катар устаттарды сыйлады. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдык юбилейлик медалы, “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ардак грамотасы, ошондой эле көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн кесиптик бирлик комитетинин баалуу белеги тапшырылды.
Майрамдык салтанат жылуу маанайда өтүп, университет жамааты билим берүү кызматкерлерине каалоо-тилектерин айтып, устаттардын коомдогу орду дагы бир ирет даңазаланды.