2025-жылдын 1-октябрында Ош технологиялык университетинде Эл аралык карылар күнү белгиленип, ардактуу курактагы кызматкерлерге арналган өзгөчө иш-чара өттү. Иш-чараны ОшТУнун ректораты жана кесиптик бирлик комитети биргелешип уюштурушту.
Салтанаттуу жыйынга университетте көп жылдар эмгектенген ардагер мугалимдер жана кызматкерлер катышты. Иш-чарада ректор Жанболот Турсунбаев куттуктоо сөз сүйлөп, улуу муундагы кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирди. Ал ардагерлердин билим берүү тармагындагы талыкпас эмгегин жана университеттин өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалады.
Кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева дагы сөз сүйлөп, улуу муундун эмгегин баса белгиледи жана карыларга акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Майрамдык маанайда өткөн иш-чарада Маданий-эстетикалык борбору тарабынан концерттик программа уюштурулуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.
Ардагерлер университет жетекчилигине жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, көргөзүлгөн сый-урматка терең ыраазы экендиктерин айтышты.