Ош технологиялык университетинде 2025-жылдын 2-октябрында кезектеги Окумуштуулар кеңеши өткөрүлдү. Жыйында бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Күн тартибинде төмөнкү негизги маселелер каралды:
- ОшТУнун Окумуштуулар кеңешинин 2025–2026-окуу жылына карата иш планын бекитүү;
- ОшТУнун 2023–2028-жылдарга стратегиялык өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча 2025–2026-окуу жылына карата иш планын талкуулоо жана бекитүү;
- Проректорлордун жана институт директорлорунун иш пландарын угуп, талкуулоо;
- Ар түрдүү маселелер.
Жыйындын жүрүшүндө күн тартибине ылайык каралган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилер өз багыттары боюнча маалымат берип, мүчөлөр тарабынан сунуштар айтылып, пикир алмашуулар жүрдү. Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү токтомдор кабыл алынды.