Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында студенттерди активдүү жарандык позицияга үндөгөн “Время действовать” аттуу форум болуп өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жаштар менен катар Ош технологиялык университетинин студенттери да катышып, өз идеяларын жана сунуштарын ортого салышты.
Форумдун негизги максаты — жаштарды коомдук турмушка активдүү аралашууга, демилге көтөрүүгө жана өз жамаатында өзгөрүүлөрдү жасоого шыктандыруу болду. ОшТУнун студенттери социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, лидерлик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана коомго өз үнүн жеткирүү боюнча пайдалуу тажрыйбалар менен бөлүшүп, заманбап көйгөйлөрдү чечүүдөгү жаштардын орду боюнча талкууларга жигердүү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө түрдүү талкуулар, практикалык сессиялар жана командалык иштер уюштурулуп, катышуучулар жаңы идеяларды иштеп чыгышты. Форум жаштардын башын бириктирип, кызматташтыкты чыңдоого жана коомго пайдалуу демилгелерди алдыга жылдырууга өбөлгө түздү.