Ош технологиялык университетинде Экономика жана башкаруу институтунун менеджмент, логистика жана туризм кафедрасы тарабынан «Логистика» багытындагы студенттер (ЛОГ-23, ЛОГ-24 тайпалары) үчүн Ош шаардык Кыргызстандарт мамлекеттик мекемесине таанышуу экскурсиясы уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты — логистикада товар жүгүртүүдө стандартташтыруу жана сапатты көзөмөлдөө жаатында мекеменин ишмердүүлүгү менен студенттерди жакындан тааныштыруу болду. Экскурсия учурунда студенттер продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо, сапатты камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу кеңири маалымат алышты. Кыргызстандарт мекемесинин адистери өздөрүнүн тажрыйбаларын бөлүшүп, логистика тармагындагы стандарттардын маанилүүлүгүн жана аларды колдонуу ишканалардын ишин жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Бул тажрыйба студенттер үчүн абдан пайдалуу болуп, алардын кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө болгон умтулуусун арттырды.
Ошондой эле, Кыргызстандарт мамлекеттик мекемеси менен менеджмент, логистика жана туризм кафедрасы ортосунда кызматташтык боюнча келишим түзүлдү. Бул келишимдин алкагында адистерди даярдоо, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жана кесиптик билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча биргеликте иш алып баруу пландалууда. Мындан сырткары, тараптардын кызматташтыгынын негизинде семинарлар, конок лекциялар, тренингдер жана башка окуу иш-чаралары уюштурулмакчы.