2025-жылдын 25-сентябрында Ош технологиялык университетинде жаштар үчүн маанилүү иш-чара — «Адепсиздик акыры кылмыш – кылмыштын арты жаза» аталышындагы жаштар форуму болуп өттү.
Форум Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура бөлүмү менен Ош технологиялык университетинин биргелешкен демилгеси катары уюштурулуп, жаштар арасында кылмыштуулукту жана терс көрүнүштөрдү алдын алуу, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү, синтетикалык жана психотроптук заттарды колдонуу сыяктуу коркунучтардан оолак болуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталды.
Иш-чарага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, университеттин студенттери жана окутуучулары катышып, жаштарга укуктук маалыматтарды берип, адептүүлүктүн жана мыйзамды урматтоонун маанисине токтолушту.
Ошондой эле иш-чарага коомчулукта белгилүү инсандар, ОшТУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү чакырылып, жаштарга туура багыт көрсөтүү, жоопкерчилик жана мыйзам бузбоо тууралуу ой-пикирлерин бөлүшүштү.
Форумдун алкагында курал-жарактар көргөзмөсү уюштурулуп, атайын кызматтык иттердин жардамы менен баңгизат издөө боюнча машыгуулар көрсөтүлдү. Ошондой эле студенттерге театрлаштырылган сахналык көрүнүштөр, алдын алуу багытындагы видеороликтер көрсөтүлдү. Иш-чаранын маданий бөлүгүндө ОшТУнун Маданий-эстетикалык борборунун оркестри тарабынан жандуу ырлар аткарылып, концерттик программа тартууланды.