Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин Мамлекеттик тил предметтик-циклдык бирикмеси тарабынан Мамлекеттик тил күнүнүн 36 жылдыгына арналган «Тил – аң-сезимдин күзгүсү, маданияттын үлгүсү» аттуу маданий кече болуп өттү.
Майрамдык салтанатка университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты. Иш-чараны окуу иштери боюнча проректор Улукбек Мамытов ачып, катышуучуларды куттуктап, мамлекеттик тил улуттун уңгусу жана эгемендигибиздин символу экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик тил боюнча проректор Ашим Зулпуев сөз сүйлөп, «Манас» эпосунун баалуулугу жана мамлекеттик тилдин коомдогу орду тууралуу баяндады.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Манас» айтуу, элдик жана обондуу ырлар, кыргыз бийлери жана көркөм окуулар аткарылып, катышуучуларга өзгөчө майрамдык маанай тартууланды. Жыйынтыгында кызыктуу суроо-жооп оюндар уюштурулуп, активдүү катышуучуларга белектер берилди.