2025-жылдын 23-сентябрында Ош технологиялык университетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленип, бул маанилүү майрамга арналган иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
Иш-чаранын ачылышында Мамлекеттик тил гимни жана Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.
Андан соң иш-чаранын расмий бөлүгү уланды. Окуу иштери боюнча проректор Улукбек Мамытов сөз алып, мамлекеттик тилдин ар бир жаран үчүн маанилүүлүгүнө токтолуп, аны урматтап, күнүмдүк жашоодо кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи. Мамлекеттик тил боюнча проректор Ашим Зулпуев өз сөзүндө кыргыз тилин улуттун руханий байлыгы жана мамлекеттүүлүктүн бекем тиреги катары баалап, тилди өнүктүрүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин баса белгиледи. Табигый-гуманитардык илимдер борборунун директору Азиза Саттарова да куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекеттик тилдин илим менен билим берүүдө ээлеген орду жана келечек муундарды тарбиялоодогу өзгөчө мааниси тууралуу ой бөлүштү.
Майрамдык иш-чарага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышышты. Программада мамлекеттик тилге арналган көркөм окуулар, обондуу ырлар, комуздун мукам күүсү жана кыргыз бийлери аткарылып, катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулады.
ОшТУнун жамааты бул күндү ар жыл сайын жогорку маанайда өткөрүү менен мамлекеттик тилди урматтап, анын коомдогу ордун чыңдоого өз салымын кошуп келет.