Бүгүн, 23-сентябрда Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин 1-курстарынын ортосунда спорттун волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, кичи футбол жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча спартакиада башталды.
Спорттук иш-чараны колледждин директору Төлөнбай Саадалов ачып, студенттерге ийгилик каалап, бул мелдеш ден соолукту чыңдоодо жана жаштардын достугун бекемдөөдө маанилүү экенин белгиледи. Иш-чарага университеттин жетекчилиги жана студенттер катышты.
Спартакиада бир жумага созулуп, жыйынтыгында мыкты командалар менен спортчуларга белектер тапшырылат.