2025-жылдын 18-сентябрында Ош технологиялык университетинин жыйындар залында тайпалык долбоорду окутууга (ТДО) арналган жыйын болуп өттү.
Жыйынды Илим жана инновация боюнча проректор Нурланбек Танаков ачып, катышуучуларга ТДО тууралуу кеңири маалымат берип, жаңы окутуу ыкмаларынын өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары боюнча түшүндүрмө жасады.
Иш-чаранын алкагында ТДО боюнча алгачкы тренингдер жана окутуу иштерин уюштуруу планы каралып, катышуучуларга практикалык жана теориялык аспектилер боюнча маалымат берилди.
Жыйынга университеттин институттарынын жана борборлорунун директорлору, кафедра башчылары катышып, ТДОнун билим берүү процессине ийгиликтүү интеграцияланышы боюнча пикир алмашышты.
Бул иш-чара ОшТУнун билим берүү процессинде инновациялык ыкмаларды өнүктүрүү жана студенттердин практикалык даярдыгын жакшыртуу максатында өткөрүлдү.