Ош технологиялык университетинин Инновациялык маалымат технологиялар институтунун студенттери үчүн 3D моделдөө боюнча атайын семинар өткөрүлдү. Иш-чараны АКШнын Roark Welding & Engineering компаниясынын инженери Daniel Shoultz алып барды.
Семинарда студенттер 3D моделдөөнүн заманбап ыкмалары, инженердик долбоорлордо анын колдонулушу жана дүйнөлүк тажрыйба тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле катышуучулар практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышып, суроолоруна жооп ала алышты.
Бул иш-чара ОшТУнун маалыматтык технологиялары жана башкаруу кафедрасы тарабынан уюштурулуп, студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга жана эл аралык адистер менен тажрыйба алмашууга багытталды.