Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча адиси Маматкарим кызы Эркайымдын жетекчилиги астында Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучуларынан түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы Ош технологиялык университетине иш сапар менен келишти.
Комиссиянын негизги максаты – жогорку окуу жайлар арасында тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик тилдин колдонулушун күчөтүү болду.
ОшТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, п.и.д., профессор Зулпуев Ашим Зулпуевич комиссия мүчөлөрүн тосуп алып, көчмө жыйын өткөрдү.
Иш сапардын алкагында комиссиянын өкүлдөрү университетте мамлекеттик тилдин колдонулушу жана иш кагаздарын жүргүзүү абалы менен таанышышты. Алар окутуучулар менен жолугушуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытындагы иштерге кызыгышты. Жолугушууда мамлекеттик тил мыйзамдарынын аткарылышы, иш кагаздарынын сапаты жана тил нормаларына ылайык жазылышы талкууланды.
Комиссия тарабынан бир катар сунуштар жана практикалык кеңештер берилди. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жетишкен ийгиликтер белгиленип, айрым кемчиликтерди жоюу боюнча конкреттүү көрсөтмөлөр айтылды. Ошондой эле кызматкерлердин тилге болгон мамилесине өзгөчө токтолуп, мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта колдонуу зарылдыгы баса белгиленди.
Жолугушууда тилди колдонуунун актуалдуу маселелери боюнча суроо-жооптор болуп өттү. Комиссия өкүлдөрү мамлекеттик тилди өнүктүрүү – жалпы коомдун милдети экенин белгилеп, “тил – улуттун жүзү жана руханий мурастын башкы булагы” экенин айтышты.
Жыйынтыгында мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер пландалып, ОшТУнун жетекчилиги комиссияга ыраазычылык билдирди.
Бул жолугушуу жамаат үчүн маанилүү сабак жана шыктануу болуп, ар бир кызматкер мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өз салымын кошоорун белгиледи.
Комиссиянын иш сапары жемиштүү жана мазмундуу өтүп, мамлекеттик тилди ар тараптан өнүктүрүү – биздин башкы максат экени дагы бир жолу тастыкталды.
Комиссиянын курамы:
• Маматкарим кызы Эркайым, Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча адиси
• К.Ж. Нармырзаева, ф.и.к., доцент
• М.С. Шарипова, ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, ф.и.к., доцент
• Ж.К. Айтибаева, ф.и.к.
• Нуркыз Кадырбек кызы, ф.и.к., доцент