15-сентябрь күнү Kalpak English Academyнин директору Ноа Братчер студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзгөн Global UGRAD алмашуу программасы жөнүндө маалымат берди. Бул программа студенттерге АКШда бир семестр акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Ноа Братчер программага катышуу шарттары, тандоо процесси жана документтерди туура даярдоонун жолдору тууралуу айтып, студенттерге даярдык көрүүгө жеке жардам көрсөтө турганын белгиледи.
Бул жолугушуу студенттер үчүн эл аралык билим алууга багытталган маанилүү маалымат булагы болуп калды. Бул семинар Америка маалыматтык ресурстук борборунда өткөрүлүп, аны Компьютердик логистика (КЛ) кафедрасы 1- жана 2-курстардын студенттери үчүн уюштурду. Студенттер семинарда программа тууралуу кенен маалымат алып, документтерди даярдоого байланыштуу практикалык кеңештерди алышты.