Ош технологиялык университетинин Табигый–гуманитардык илимдер борборунун Коомдук илимдер кафедрасы тарабынан “Алымбек Датка – мамлекеттик ишмер” аттуу илимий семинар уюштурулду.
Иш-чараны ОшТУнун илим жана инновациялар боюнча проректору Нурланбек Танаков ачып берип, өз сөзүндө Алымбек Датканын мамлекеттүүлүк жолундагы орду жана коомдук ишмердиги тууралуу айтып өттү.
Семинарда төмөнкү баяндамалар жасалды:
Ош мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Дүйшөнбаева А.Б. – «Алымбек Датканын кыргыз мамлекетин түзүү аракеттери»
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Осмонов С.Ж. – «Алымбек Датка – улут лидери»
Ош технологиялык университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Осмонов С.М. – «Алымбек Датканын агартууга кошкон салымы»
Семинар жогорку деңгээлде өтүп, окутуучулар менен студенттердин ортосунда кызыктуу талкуулар болду. Талкуулардын жүрүшүндө студенттер өз ойлорун ортого салып, илимпоздор менен баарлашты.
Бул иш-чара Ош технологиялык университетинин илимий чөйрөдөгү аброюн арттырууга жана тарыхый мурасты жаңыча изилдөөгө өбөлгө түздү.