М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде Кокон хандыгынын белгилүү мамлекеттик ишмери, тарыхый инсан Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдыгына карата профессор Муратов Абдыкерим Жаркынбаевичтин «Алимбек датканын арманы» жаңы китебинин таанытымы болуп өттү.
Иш-чара ОшТУнун табигый-гуманитардык илимдер борборунун директору А.Т. Саттарованын демилгеси менен уюштурулуп, ага ОшТУнун ректору, профессор Ж.Ж. Турсунбаев, ОшМПУнун ректору профессор Б.Б. Зулуев, ОшТУ, ОшМУ жана ЖАМУнун окумуштуулары, кесиптештери жана студенттери катышты. Алар авторду куттуктап, китептин мааниси жана тарыхый баалуулугу боюнча пикир алышышты.
Иш-чараны ОшТУнун ректору, профессор Ж.Ж. Турсунбаев ачып, куттуктоо сөзү менен баштады. ОшМПУнун ректору профессор Б.Б. Зулуев жана башка окумуштуулар, кесиптештери авторду куттукташты. Авторго арналган атайын видеоролик көрсөтүлдү.
Муратов Абдыкерим Жаркынбаевич китептин түзүлүшү, мазмуну жана илимий-маанилүү өзгөчөлүктөрү боюнча сөз сүйлөдү. Андан соң катышуучулар китептин мазмуну боюнча активдүү талкуу жүргүзүштү, автордун суроолоруна жооп алып, китептеги жаңы илимий жана тарбиялык маалыматтарды кеңири талкуулашты.
Катышуучулар «Алимбек датканын арманы» китебин жайылтуу жана окууну сунуштап, анын тарыхый маанисин жана билим берүүчү өзгөчөлүктөрүн белгилешти. Иш-чара автордун ыраазычылык сөзү менен аяктап, музыкалык программа менен жанданып, катышуучуларга жагымдуу жана эстен кеткис таасир калтырды.