Ош технологиялык университетинин Кеңешме залында Германиянын Гамбург шаарындагы Гамбург колдонмо илимдер университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга төмөнкү коноктор келишти:
Марина Тропманн-Фрик – маалыматтар илими жана жасалма интеллект кафедрасынын профессору,
Мартин Шульц – маалыматтык системалар кафедрасынын профессору,
Михаэль Гилле – эл аралык соода укугу жана санариптик жөнгө салуу кафедрасынын профессору.
Бул жолугушуу Erasmus+ программасынын “Жогорку билим берүүдө потенциалды жогорулатуу” (Capacity Building in Higher Education – CBHE) 2025-жылдагы чакырыгынын жыйынтыгында Ош технологиялык университети жаңы эл аралык долбоордун жеңүүчүсү катары тандалып алынганына байланыштуу өткөрүлдү.
ОшТУ бул ирет дагы ийгиликтүү катышып, өнөктөш өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен биргеликте Digitech аттуу жаңы долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алды. Долбоор жогорку билим берүү тармагындагы санариптик трансформацияга жана IT-компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордун координатору — ОшТУнун профессору Аттокуров Урмат Тологонович.
Жолугушуунун жүрүшүндө долбоордун негизги максаттары, ишке ашыруу жолдору жана эки тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле коноктор ОшТУнун жетекчилиги менен биргеликте университеттеги билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу боюнча пикир алышышты.