Бүгүн, 27-августта Ош технологиялык университетинин Корей борборунун алдындагы Сежон институтуна Сеул шаарынан белгилүү визажист-эксперт Чон Он Рён келди. Анын иш сапары Сежон институтунун башкы кеңсеси — Сежон Хакдан Фондунун көмөгү менен уюштурулуп, Ошто алгач ирет өткөрүлүп жаткан Сежон Маданият Академиясынын алкагында ишке ашууда.
Эксперт 27-29-август күндөрү корей тилин үйрөнүп жаткан студенттер үчүн “K-Beauty” (корей сулуулугу) аттуу темада мастер-класстарды өткөрүп жатат.
Мастер-класстардын программасы төмөнкүдөй:
• Табигый корей макияжы
• Улуттук кийим образындагы корей макияжы
• К-поп стилиндеги корей макияжы
Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттерге сулуулук индустриясындагы заманбап корей тажрыйбасын үйрөтүү менен бирге, корей тилин жана маданиятын жайылтуу, тил үйрөнүүгө кызыгууну арттыруу жана жаштарды жаңы билим алууга шыктандыруу болуп эсептелет.
ОшТУнун жетекчилиги белгилегендей, мындай маданий иш-чаралар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, алардын эл аралык деңгээлдеги тажрыйбаларды өздөштүрүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.