Ош технологиялык университетинин академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Германиянын (Бавария) Вайенштефан-Триздорф колдонмо илимдер университетинин окумуштуулары жана аспиранттары менен илимий изилдөө иштеринин быйылкы жылдагы жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда айыл чарба тармагы боюнча бир нече илимий баяндамалар жасалды. Айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Э. А. Смаилов өз тажрыйбасы жана аспиранттарынын изилдөөлөрү менен бөлүшүп, «Кыргызстандын түштүгүндө айыл чарбасын өнүктүрүүнүн перспективалары жана илимий изилдөөлөрдүн багыттары» деген темада презентация жасады.
Бул жолугушуунун алкагында талаа изилдөөлөрү жүргүзүлүп, алча плантацияларынан, тамеки талаасынан жана күрүч плантацияларынан кыртыштын үлгүлөрү тандалды. Натыйжада биргелешкен бир нече илимий изилдөөлөр башталды.
Вайенштефан-Триздорф колдонмо илимдер университети — Германиядагы дуалдык билим берүү системасы боюнча айыл чарба тармагында кадрларды даярдоого адистешкен жана бул багытта алдыңкы окуу жайлардын бири болуп саналат.