Ош технологиялык университети Өзбекстандын Илим жана технология университети менен эки тараптуу кызматташтык меморандумуна кол койду.
Өзбекстандын Илим жана технология университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Муроджон Ахмедов башында турган делегация ОшТУга келишти. Делегацияны университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов тосуп алып, расмий жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү багыттар боюнча кызматташтык маселелери талкууланды:
🔹 Студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн камсыз кылуу;
🔹 Окутуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу;
🔹 Кош диплом берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу;
🔹 Биргелешкен илимий долбоорлорду жана изилдөөлөрдү ишке ашыруу;
🔹 Билим берүү программаларын жаңылоо;
Жыйынтыгында эки университеттин ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоону максат кылган кызматташтык меморандумуна кол коюлду.
Бул келишим эки өлкөнүн жогорку билим берүү мекемелеринин ортосундагы академиялык жана илимий алакаларды тереңдетип, студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.
📍ОшТУ — ачык билим берүү платформасы, эл аралык кызматташтыкка дайым даяр!