Erasmus+ программасынын “Жогорку билим берүүдө потенциалды жогорулатуу” (Capacity Building in Higher Education – CBHE) 2025-жылдагы чакырыгынын жыйынтыгында Ош технологиялык университети эл аралык деңгээлдеги жаңы долбоордун жеңүүчүсү катары тандалып алынды.
Ош технологиялык университети бул ирет дагы ийгиликтүү катышып, өнөктөш өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен биргеликте жаңы Digitech долбоорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алды. Долбоор жогорку билим берүүдөгү санариптик трансформацияны жана IT-компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордун координатору — ОшТУнун профессору Аттокуров Урмат Тологонович.
Бул чоң жетишкендик университетибиздин эл аралык кызматташтыктагы ролун чыңдап, жогорку билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, окутуу программаларын жаңылоого жана окутуучулар менен студенттердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жол ачат.