27-июнда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов «Жашыл толкун» сынагынын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу белектерди тапшырды. Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунун студенттик командасы: Шавданова Гулсина, Анаркулов Сулайман, Абдисатар уулу Энес, Абдижапарова Аймедина, Алмаматова Татина «Жашыл чыгарма» номинациясында эң жогорку натыйжаларды көрсөтүп, жеңүүчү аталган. Команданы жетектеген илимий жетекчиси: Самиева Каникей, экономика илимдеринин кандидаты, Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын доценти.
«Жашыл толкун» сынагы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттерин бириктирип, «жашыл» чечимдерди жана экологиялык демилгелерди илгерилетүүчү аянтчага айланды. Катышуучулар туруктуу өнүгүү жана жашыл ишкердик жаатындагы билимдерин жана көндүмдөрүн көрсөтүштү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандын жаштарынын жашыл экономика багытындагы потенциалын өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында өттү. Мыкты долбоорлор бизнес-коомчулук жана өнөктөштөр тарабынан мындан ары да колдоого алынары айтылды.
ОшТУнун студенттик командасынын жеңиши жаштардын Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанилүүлүгүн баса белгилейт. Университет бул жетишкендик менен сыймыктанат жана студенттерди инновациялык жана экологиялык жоопкерчиликтүү долбоорлорго шыктандырууну улантат.