Ош технологиялык университети (ОшТУ) Австриянын Леобен шаарындагы Montanuniversität Leoben университети менен биргеликте эл аралык академиялык долбоордун өнөктөшү болду. Долбоордун жетекчиси — профессор Анна Майер.
«Европа жана Борбордук Азиянын жогорку окуу жайларында Туруктуу Өнүгүү Максаттарын (SDGs) талдоонун заманбап ыкмалары/Modern Approaches for Analysing the SDGs in Higher Education Institutions in Europe and Central Asia» деп аталган бул долбоор 2025-2026 жыл ичинде ишке ашырылат. Бул демилге Eurasia-Pacific Uninet (EPU) программасынын алкагында колдоого алынган жана ОшТУнун эл аралык илимий байланыштарын чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат.
Долбоордун максаты — академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү, жогорку билим берүү чөйрөсүндө SDG принциптерин колдонуу жана жашыл билим берүү моделине өтүүгө көмөктөшүү.
ОшТУ тарабынан долбоорду ишке ашырууга төмөнкү эксперттер жана изилдөөчүлөр катышууда:
-Хамзаева Айнура – Экономика жана башкаруу институтунун директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент.
-Самиева Каникей – Экономика жана башкаруу институтунун «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты, доцент.
-Арзыбаева Менди – Инновация жана маалыматтык технологиялар институтунун директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент.
-Ташиев Нургазы – Энергетика жана транспорт институтунун «Электр менен жабдуу» кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты, доцент.
Бул долбоор ОшТУнун туруктуу өнүгүү максаттарынын аткарылышына салымын кошуп, жашыл билим берүү моделине өтүүнү тездетет.