Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Ж.Ж. Турсунбаев Кытайдын Харбин шаарындагы Харбин инженердик университетинде өткөн “Борбордук Азия жана Кытай эксперттеринин ортосундагы кызматташтык боюнча эл аралык форум – 2025” иш-чарасына катышты.
Илимий жана инновациялык идеяларды, демилгелерди жана долбоорлорду камтыган, кызматташуу жана тажрыйба алмашуу үчүн ачык аянтча болууну максат кылган бул форумга Кытайдын Адам ресурстары жана социалдык коргоо министрлигинин Чет элдик эксперттер департаментинин башчысы Nie Shengkui, Харбин инженердик университетинин ректору Song Yingdong, эл аралык кызматташуулар боюнча проректор Yin Jingwei, ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, илимий-изилдөө институттарынын эксперттери, окумуштуулары, изилдөөчүлөрү жана Кытайдын ири өндүрүш компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Форумдун алкагында ОшТУнун ректору, профессор Ж.Ж. Турсунбаев пленардык жана секциялык жыйындарда баяндама жасап, Ош технологиялык университети менен узак мөөнөттүү кызматташууга, биргелешкен демилгелерди, идеяларды жана долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле келечектеги илимий жана билим берүү тармагындагы глобалдык чакырыктарга биргелешип жооп берүүгө чакырды.
Nie Shengkui мырза өз сөзүндө бул иш-чаранын Астана шаарында өткөн “Борбордук Азия – Кытай” экинчи саммитинин алкагындагы эл аралык форум экендигин өзгөчө белгилеп, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү, реалдуу долбоорлорду чогуу ишке ашыруу маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУ, Харбин инженердик университети, Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайлар жана кытайлык компаниялар ортосунда бир катар көп тараптуу келишимдерге, ошондой эле Харбин декларациясына кол коюлду.