Ош технологиялык университети менен геологиялык жумуштарды компьютердик программалоо жаатында иш алып барган «Макромайн» мекемесинин ортосунда түзүлгөн эки тараптуу меморандумдун алкагында 2025-жылдын 30-июнунан 4-июлуна чейин семинар өткөрүлүүдө.
Семинар технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун пайдалуу кендердин геологиясы кафедрасынын окутуучулары үчүн уюштурулган. Аны Өзбекстан Республикасынын Ташкен шаарынан келген «Макромайн» мекемесинин консультанты Совин Станислав Викторович жүргүзүүдө.
Иш-чаранын негизги максаты — геологиялык багыттагы адистерди заманбап компьютердик программалар менен иштөөгө үйрөтүү жана алардын кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүү.
Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.
Белгилей кетсек, «Макромайн» компаниясынын кеңселери Казакстан Республикасынын Алма-Ата жана Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарларында жайгашкан.