2025-жылдын 24-июнунда Ош технологиялык университетинде SUFACHAIN долбоорунун алкагында «Өнүмдү, процессти жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу жаңгактын жана мөмөлөрдүн туруктуу баалуу чынжырлары» аттуу эл аралык семинар болуп өттү.
Семинарды университеттин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Акматалиев Асанбек Тургунбаевич ачып берип, катышуучуларга ийгиликтүү иш алып баруу тилегин билдирди. Ал өз сөзүндө мындай иш-чаралар агрардык секторду туруктуу өнүктүрүүдө, эл аралык тажрыйбаларды өздөштүрүүдө жана натыйжалуу кызматташтыкты кеңейтүүдө зор мааниге ээ экенин белгиледи.
Семинарга Германия, Нидерландия жана Кыргызстандын алдыңкы илимпоздору, практик адистери жана эксперттери катышып, жаңгак жана мөмө-жемиштер тармагындагы эл аралык тажрыйбаларын ортого салышты. Катышуучулар тарабынан агротокой чарба системаларын өнүктүрүү, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, чакан жана орто бизнести колдоо боюнча бир катар сунуштар берилди жана келечектеги кызматташуу багыттары белгиленди.
Белгилеп кетүүчү жагдай, аталган иш-чараны өткөрүүдө ОшТУнун айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасы жана кафедра башчысы, доцент Ж.К. Ирматова активдүү катышып, SUFACHAIN долбоору менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда. Кафедранын катышуусу менен агротокой чарбачылык жаатында биргелешкен иштер ийгиликтүү жүргүзүлүп келет.
Бул семинар университет менен эл аралык долбоорлордун ортосундагы кызматташтыкты дагы бир ирет бекемдеп, илим менен практиканын айкалышкан аянтчасына айланды.
ОШТУДА ЖАҢГАК ЖАНА МӨМӨЛӨР БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
2025-жылдын 24-июнунда Ош технологиялык университетинде SUFACHAIN долбоорунун алкагында «Өнүмдү, процессти жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу жаңгактын жана мөмөлөрдүн...