Термез мамлекеттик инженердик жана айыл чарба технология университетинин энергетика кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты Худойкулов Зокир мырза академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош технологиялык университетине расмий иш сапары менен келди.
Коногубузду университетибиздин окуу иштери боюнча проректору, профессор Мамытов Улукбек Жанышович тосуп алып, тараптар биргелешкен окуу пландарын түзүү, окутуучулар менен студенттердин ортосунда академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу боюнча пикир алышты.
Худойкулов Зокир мырза Энергетика жана транспорт институтунда болуп, институттун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты. Институттун директору, техника илимдеринин кандидаты, профессор Мурзакулов Нуркул Абдилазизович менен болгон жолугушууда энергетика тармагындагы актуалдуу маселелерди илимий изилдөөлөрдө биргелешип ишке ашыруу, бирге илимий макалаларды жарыялоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле студенттерди окутууда жаңы методдорду колдонуу, тажрыйба алмашуу боюнча да макулдашуулар болду.
Бул жолугушуу эки тараптуу кызматташтыктын жаңы этабына жол ачып, илимий жана билим берүү жаатында маанилүү кадам болуп саналат.