Ош технологиялык университети менен Андижан мамлекеттик техникалык институтунун ортосунда түзүлгөн академиялык байланыштар дагы бир маанилүү кадам менен уланууда.
Билим берүү, илим жана технология тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Андижан мамлекеттик техникалык институтунун “Автоматташтыруу жана машина куруу өндүрүшү” кафедрасынан 10 окутуучу Ош технологиялык университетине квалификациясын жогорулатуу үчүн келип, стажировкадан өтүүдө.
Стажировкага келген окутуучуларды ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору А. Акматалиев жылуу тосуп алды. Бул сапар эки окуу жайдын ортосундагы тажрыйба алмашууга, илимий-методикалык байланыштарды чыңдоого жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болот.
Мындай кызматташтык сапаттуу билим берүүнү камсыз кылып гана тим болбостон, студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жогорку окуу жайлар ортосундагы ишенимди жана өнөктөштүктү дагы да бекемдейт.