Ош технологиялык университетинин архитектура, дизайн жана графика кафедрасы тарабынан архитектура жана ДАС (дизайн архитектуралык чөйрө) багытындагы студенттердин курстук долбоорлорунун жана көркөм сүрөт, композиция боюнча эмгектеринин чыгармачыл көргөзмөсү болуп өттү.
Көргөзмөдө студенттер өздөрүнүн окуу процессинде даярдаган архитектуралык долбоорлорун, көркөм сүрөттөрүн жана композициялык иштерин коомчулукка сунуштап, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири чагылдырды. Иш-чара жандуу талкуулар, пикир алмашуулар жана чыгармачыл демонстрациялар менен коштолду.
Иш-чаранын ачылышында университеттин окуу иштери боюнча проректор Улукбек Мамытов сөз сүйлөп, мындай көргөзмөлөр студенттердин кесипкөйлүгүн арттырууда маанилүү роль ойноорун белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.
Андан соң институттун директору Муса Шабданов катышуучуларга ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар университеттеги чыгармачылык жана билим берүүдөгү сапаттын жогорулашына чоң салым кошоорун белгиледи. Ал жаштардын идеяларын колдоо жана өнүктүрүү мындан ары да үзгүлтүксүз улантыларын баса белгилеп:
“Келечекте дагы ушундай деңгээлдеги чыгармачылык, билим берүү жана ишенимдүү кадамдарга күбө болобуз” – деген ишенимин билдирди.
Бул иш-чара студенттердин чыгармачылык шыгын ойготуп, кесиптик багытта дагы да өнүгүүгө түрткү берүүчү платформа катары бааланды.