Ош технологиялык университетинин “ОшТУ жаштары” демилгелүү тобунун мүчөлөрү “IDem” долбоорунун алкагында өз демилгелерин ийгиликтүү коргоп, 2 000 долларлык грантка ээ болушту! Бул чоң жетишкендик – жаштардын тынчтыкты курууга, психикалык саламаттыкты сактоого жана зомбулуктун алдын алууга кошкон салымынын таасирдүү жыйынтыгы болуп саналат.

Грантты утуп алган команда мүчөлөрү:

Арзыбаев Абдимажит

Турдумаматова Бермет

Жапаров Актан

Кадырбеков Уран

Калмурзаева Айжан

Рашидинов Залкар

Гранттын алкагында бүгүн ОшТУ базасында форум өтүп, жаштардын тынчтыкты курууга активдүү катышуусу, психологиялык ден-соолугу жана гендердик зомбулуктун алдын алуу маселелери көтөрүлдү.
Иш-чарага төмөнкү кадырлуу коноктор катышты:

Жеке ишкер, “Самса Ленд” негиздөөчүсү – Абдрахманов Чынгыз

“Youth of Osh” уюмунун өкүлдөрү

Ош шаардык жаштар комитети жана Ош облустук администрациясынын өкүлдөрү

Форумга ОшТУдан 20 студент, ал эми башка окуу жайлардан 10дон студент катышты.

Бул ийгилик – ОшТУнун жаштарынын демилгелүүлүгүн, жигердүүлүгүн жана коомдук процесстерге активдүү катышуусун дагы бир ирет далилдеди.