Ош технологиялык университетинде окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жана студенттери үчүн Россия Федерациясында, Америка Кошмо Штаттарында жана жакынкы чет өлкөлөрдө болуу эрежелериндеги өзгөрүүлөр жана коопсуз миграция, миграциялык мыйзамдар туурасында жыйын өттү.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк региону боюнча бөлүмүнүн башчысы С.А. Токтосунов жана жетектөөчү адис И.К.Мурзабеков, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустардагы өкүлчүлүгүнүн атташеси А.А.Жунусов, ОшТУнун эл аралык бөлүмүнүн башчысы Г.М.Тойчубекова, ОшТУнун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Н.Кадырбек кызы жана индустриалдык-педагогикалык институтунун директору У.К.Абдалиев усулдук мазмундагы баяндамаларды жасашып, видео роликтерди көргөзүп, практикалык кеңештерин беришти жана маалымат баркчаларын таркатышты, суроо-жооптору менен коштолду.
Иш-чаранын демилгечилери – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк региону боюнча бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустардагы өкүлчүлүгү жана ОшТУнун эл аралык бөлүмү.