Ош технологиялык университетинде 5-июнь — Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата “Айлана-чөйрөнү коргоодо илимдин жана коомдун оорду” аттуу тегерек стол уюштурулду.

Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана студенттер катышып, жаратылышты коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Баяндамачылар:
• Токтогул Абдижапарович Мамашов – КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош башкармалыгынын башчысы
• Асанбек Жээнбекович Мамыраимов – Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош башкармалыгынын жетекчиси
• Акылбек Абдраимов – Германиянын NABU уюмунун “Барс-2” тобунун жетекчиси
• Талантбек Ниязович Боркошов – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Ош токой чарбасынын жетекчиси

Иш-чаранын жүрүшүндө Корея Республикасынын университетинин өкүлү экологиялык кызматташтык тууралуу маалымат берип, ЛДиДС-24 тайпасынын студенттери экологиялык темада презентацияларды сунуштап, активдүү талкуу өткөрүштү.

Иш-чаранын соңунда экология жаатындагы маанилүү демилге катары жаңы “Дендробак” расмий ачылып, ишке берилди. Бул — студенттердин жаратылышка болгон мамилесин чыңдоого багытталган практикалык кадам.