Ош шаарында Enactus Кыргызстан уюмунун 30 жылдык мааракесине арналган EXPO Жаштар Стартаптар 2025 аттуу республикалык деңгээлдеги ири иш-чара болуп өттү. Ага өлкө боюнча жети облусунан келген 30дан ашуун студенттик командалар катышып, коомдук пайдалуулукка жана туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлорун сунушташты.

Enactus ОшТУ командасы бул иш-чарада өзүнүн активдүүлүгү, демилгелери жана инновациялык көз карашы менен айырмаланып, жогорку баага ээ болду.

Иш-чаранын жыйынтыгында Enactus ОшТУ командасы «ЖОЖдун эң мыкты колдоосу» наамы менен сыйланды.
Бул сыйлык — Ош технологиялык университетинин жетекчилигинин, профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттеринин биргелешкен эмгегинин жемиши.

Бул — ОшТУнун дагы бир чоң жетишкендиги!
Биз мындан ары да жаштарды колдоону, алардын демилгелерин өнүктүрүүнү уланта беребиз!