Ош технологиялык университетине Сеул шаарындагы Суңшил университетинин Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы айым Чой Он Ю расмий сапары менен келди.
Жолугушууда ОшТУнун ректору Ж.Ж. Турсунбаев менен биргеликте аталган университеттин студенттери тарабынан ишке ашырылып жаткан ‘7+1’ (жети семестр окуу, бир семестр чет өлкөдө ыктыярчылык) программасынын алкагындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Атап айтканда, быйыл февраль айынан бери ОшТУда корей тилин үйрөтүп жаткан ыктыярчы студент Лим Джи Ён айымдын төрт айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы каралды.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын июль айында ОшТУга келиши пландалган кыска мөөнөттүү ыктыярчылар тобу уюштурчу жайкы лагердин уюштурулушу боюнча пикир алмашуулар болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө келечектеги кызматташтыкты кеңейтүү максатында Суңшил университетинен IT-технология жана жасалма интеллект тармактары боюнча ыктыярчыларды ОшТУга чакыруу пландары да белгиленди.