Жакында жаңыдан түзүлгөн Андижан мамлекеттик техникалык институтуна Ош технологиялык университетинен делегация иш сапар менен барып келди. Бул визит академиялык жана илимий багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле аймак аралык тажрыйба алмашууга өбөлгө болду.
Сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Алардын катарында:
• Илимий алакаларды чыңдоо
• Академиялык мобилдүүлүк жана окутуучулар менен студенттер үчүн алмашуу программалары
• 2+2 форматындагы кош диплом берүү мүмкүнчүлүктөрү
• Акысыз стажировкалар жана жазгы лагерлерди уюштуруу
• Робототехника жана IT тармагына абитуриенттерди тартуудагы тажрыйба алмашуу
• Erasmus+ эл аралык программаларына биргелешип катышуу
• Scopus базасында илимий макалаларды даярдоо жана жарыялоо
Бул сапар учурунда тараптар бир катар эл аралык жана академиялык келишимдерге кол коюшту, алар эки жогорку окуу жайдын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыктын негизин түзөт.
Белгилей кетсек, Андижан мамлекеттик техникалык институту мурда Андижан авто курулуш институту катары белгилүү болгон. Жаңы макам алып, ал өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, аймактагы алдыңкы илимий-академиялык борборлордун бирине айланууда.