Ош технологиялык университетиндеги Сежоң корей тил борборунда 2025-жылдагы жазгы семестрдин бүтүрүү аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.
Иш-чарага ОшТУнун ректору Ж.Ж. Турсунбаев, сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору А.Т. Акматалиев жана Сежоң корей борборунун жетекчиси Лим Ён Шиг мырза катышты. Ошондой эле мырза Лим Ён Шигдин атайын чакыруусу менен Корея Республикасынын Кванжу шаарындагы бир катар университеттерден келген окумуштуулар жана профессорлор салтанаттуу аземдин кадырлуу коноктору болушту. Алар студенттердин корей тили боюнча алган билимдерине жана чыгармачылык өнөрлөрүнө күбө болушту.
Быйылкы жазгы семестрдин жыйынтыгы боюнча жалпы 200 студент ийгиликтүү экзамен тапшырып, сертификаттарга ээ болушту. Алардын ичинен өзгөчөлөнгөн 104 студентке мактоо баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды.
Белгилей кетүүчү жагдай, учурда ОшТУнун бир нече студенттери Түштүк Кореянын ар түрдүү университеттеринде өз адистиктери боюнча билим алып жатышат. Ошондой эле Ош технологиялык университети Түштүк Кореянын бир катар жогорку окуу жайлары менен тыгыз жана ар тараптуу кызматташтыкты жүргүзүп келе жатат. Бул кызматташтык билим берүү, илимий изилдөө жана маданий алмашуу багыттарында ийгиликтүү уланууда.