Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде 2025-жылдын 30-майында IT технологиялар предметтик-циклдик бирикмесинин бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу бүтүрүү аземи болуп өттү. Бул иш-чара жаш адистер үчүн унутулгус күндөрдүн бири болуп калды.
Иш-чарага ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, өзүнүн ак тилектерин билдирди. Ал сөзүндө IT тармагынын заманбап коомдогу ролуна токтолуп, бүтүрүүчүлөрдүн келечектеги ийгиликтерине ишеним артарын белгиледи.
Салтанаттын жүрүшүндө гуманитардык-технологиялык колледждин директору Саадалов Төлөнбай жана бөлүм башчысы Зикирова Гулайым дагы бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөздөрүн арнашты. Алар билим алып, үзүрлүү эмгек жасап бүтүрүп жаткан жаштарды келечекте мекенге кызмат кылууга чакырып, чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.
Мыкты окуу жетишкендиктери менен айырмаланган бүтүрүүчүлөргө Ош технологиялык университетинин Ардак грамоталары тапшырылып, алардын билимге болгон умтулуусу жана активдүүлүгү бааланды. Ошондой эле, балдарынын билим алуусуна колдоо көрсөткөн ата-энелерге ыраазычылык каттары тапшырылды.
Салтанат концерттик программа менен коштолуп, студенттердин аткаруусундагы музыкалык жана чыгармачылык номерлер катышуучуларга көӊүлдүү маанай тартуулады.